• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

3-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

30 Аяк оона 202311:33 Бишкек Govori.TV

3-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектешкен аймакта, ошондой эле Красный Строитель, Ак — Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 190