• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

3 президент достук жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду

21 Теке 2022 15:15 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Атада шаарында өткөн саммитте XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кол койду.

Ал эми калган эки мамлекет буга катышкан эмес.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

Количество просмотров: 68