• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

3-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

2 Аяк оона 202418:07 Бишкек Govori.TV

3-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус болот.

Количество просмотров: 247