• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

3 жаштагы наристенин өлүмү тууралуу Мамакеев маек берди

7 Үчтүн айы 2023 18:55 Бишкек Govori.TV

Медицинада, тактап айтканда ыкчам хирургия тармагында жетимиш жылдан ашык иштеген, эң улуу дарыгер, кыргыз эл баатыры, академик Мамбет Мамакеев маек берип жатып, жакында дарыгерлердин ишине жоопкерчилик менен мамиле жасабагандыгынан каза болду делген 3 жаштагы наристенин өлүмүнө дагы токтолду.

Кошумчай кетсек, үч жаштагы баланын өлүмүнөн кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген беш дарыгер үй камагына чыгарылды. Маалыматты Ленин райондук соту тастыктады.

Өткөн жылдын ноябрь айында Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде үч жаштагы бала чарчап калган. Буга байланыштуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун, Шаардык балдар ооруканасынын алты дарыгери кармалган. Медициналык милдетин так аткарган эмес деп шектелгендердин бири үй камагына чыгарылып, бешөө тергөө абагына киргизилген

Саламаттык сактоо министрлиги окуядан улам иштен кетем деген медиктерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган .

Количество просмотров: 1517