• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Академик Мамбет Мамакеев дүйнөдөн өттү

24 Жетинин айы 202415:25 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Баатыры, медицина илиминин доктору, академик Мамбет Мамакеев 24-ноябрда 97 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгы белгилүү болду.

Белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Медицина тармагында 70 жылдай эмгектенип, жалпы 35 миңдей операция жасаган.

Мамбет Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна ыйгарылган.

Мындан 20 жыл мурда ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген.

Ал Кыргызстандын Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти болгон. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган.

Дүйнөгө операция жасоо боюнча эң улгайган хирург катары да белгилүү.

Количество просмотров: 162