«Эмне үчүн калпты сатуу оңой, ал эми чындыкты — кыйын? Ушул суроого Жааматтык медианын башчысы, медиаэксперт Назира Жусупова менен жооп изделди.
Жааматтык медиа кандай, качан түзүлгөн жана каармандары ким тууралуу Назира Жусупова айтып берди. Жамааттык медиада маалыматты текшерүү кандайча уюштурулган, ушул медиа медиасабаттуулук боюнча кандай иш чараларды жасап келе жаткандыгы тууралуу дагы кеп козголду.
Ал эми тема боюнча, эмне үчүн, калп маалыматтар чындыкка караганда бат тарайт. Кайсы учурларда фейк маалыматтардын чоң кесепеттерге алып келгени боюнча мисалдап айтып берди.
Адамдар эмнеге көп учурда эмоцияга берилген маалыматка ишенет. Аймактарда фейк жаңылыктар кандайча тарайт — мессенджерлер, угуучулар же башка каналдар аркылуубу?
Чындыкты эффективдүү жеткирүү үчүн Назира Жусупова кандай формаларды сунуштайт, сторителлинг, видео, подкастбы?
Фактчекинг аймактарда кантип түшүнүктүү жана пайдалуу формада болушу керектиги тууралуу кеп-кеңештер айтылды.