• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

3 жылдан ашык абакта жаткан Атамбаев эркиндикке чыкты

14 Бирдин айы 2023 17:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкада жайгашкан № 27 түзөтүү колониясынан эркиндикке чыкты.

Атамбаевди Рыскелди Момбеков, Асель Кодуранова, Мээрбек Мискенбаев баштаган тарапташтары күтүп алышты.

«Мага каршы коюлуп жаткан айыптардын баары болбогон нерсе. Жок жерден ойлонуп токулган. «Ден соолугум боюнча айтсам, чет жерге чыгып дарыланып келишим керек. Бирок мен кайтып келем. I’ll Be Back!»,-дейт Атамбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. 

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. Ал Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

Количество просмотров: 2151