30-июлда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Бишкекте түнкүсүн 18…20, күндүз 27…29 градус болот.