• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Каман, элик, кыргоол аткан. Чүйдө тургун айыпка жыгылды

10 Кулжа 202611:30 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун тургуну Кемин районунун тоолорунан жапайы жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылганы үчүн кармалды.

Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, ал эки баш каман, бир баш элик, эки кыргоол, бир кекилик атып колго түшүрүлгөн.

Кармалган жаран Кемин РИИБине жеткирилген. Ага жаратылышка келтирген зыяны үчүн 212 миң сом айып салынып, аны өз ыктыяры менен төлөп берген.

“Ал эми мыйзамсыз колдонуп жүргөн куралы райондук милицияга тапшырылып, 3 жылга мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 21