Бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосу министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга ички иштер органдарынын 10 миңден ашык кызматкерлери тартылып, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшөт.
Эскерте кетсек, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы жана Канай уулу Байтик Баатырдын 200 жылдыгына карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт.