1-сентябрда түнкү саат 03:55 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну унаасын катуу айдап бейбаштык кылып, жергиликтүү тургундардын тынчын алган. Окуя болгон жерге милиция кызматкери барган. Милиция кызматкери айдоочуну тартипке чакырган, бирок ал мыйзамдуу талаптарды аткарбай, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине кол салган.
Милицияга кол салган 25 жаштагы А.З. аттуу Кара-Бак айылынын тургуну болгон. Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү мас болгон. Ага карата тергөө амалдары башталды.