Бишкек шаардык милиция кызматкерлери уурулукка шек саналган адамды кармашты. Ал кафедеги бир адамдын 390 миң сомун уурдоого шектелип жатат. Бишкек ШИИБинин маалыматы да ушуну айтып турат.
Ушул жылдын 20-ноябрында Свердлов РИИБине 1994-жылы туулган М.А. аттуу адам арыз менен кайрылган. Анын айтымында кечки саат жети жарымдарда Чүй проспектисиндеги кафелердин биринен анын 390 миң сому бар барсеткасын уурдап кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси уурулук боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери буга чейин бир нече жолу соттолгон, 1984-жылы туулган А.О. аттуу шектүүнү кармашкан. Анын башка уурулук фактыларына тиешеси бар-жогу дагы текшерилип жатат.