• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

31-августта Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

25 Баш оона 202317:55 Бишкек Govori.TV

31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 17:00дөн 00:00гө чейин чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт.

«Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Борбор калаанын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Количество просмотров: 157