• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

31-июлда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

30 Теке 2020 17:25 Бишкек Govori.TV

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткөн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.

Количество просмотров: 217