• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

31-октябрга карата аба ырайы жөнүндө маалымат

30 Тогуздун айы 2018 18:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.10.2018.Govori.TV.
31-октябрда жана 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2 ноябрда жаан карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.
Аба ырайы:
Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.
Количество просмотров: 28