• Бейшемби 13 Кулжа 2024
  • Четверг 13 Июнь 2024

31-октябрь күнү Бишкектеги эки конушта суу болбойт

27 Тогуздун айы 2023 16:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Мурас Ордо» конушунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин, «Калыч Ордо» конушунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин суу жок болот.

Муниципалитеттен мындай чара «Мурас Ордо», «Калыс Ордо» суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин айтышты.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 238