Бишкек шаарынын мэриясы шаар аймагында райондук администрациялар тарабынан мыйзамсыз курулган балкондорду демонтаждоо иштери улантылып жатканын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, демонтаждалуучу объектилер тандалма негизде аныкталган эмес. Буга чейин тиешелүү кызматтар менен биргеликте көчмө текшерүүлөр жүргүзүлүп, бардык мыйзам бузуулар аныкталган.
«Белгиленген талаптарды бузуу менен курулган объектилердин ээлерине мыйзамда каралган тартипте тиешелүү эскертмелер жана көрсөтмөлөр тапшырылган. Айрым учурларда батир ээлери жашаган жеринде жок болгондуктан демонтаждоо иштери убактылуу жылдырылган. Анткени алардын катышуусусуз демонтаж жүргүзүү мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу айрым балкондор азырынча алынбай турат. Ошол эле учурда мурда тиешелүү көрсөтмөлөр берилген бардык мыйзамсыз курулган балкондор милдеттүү түрдө демонтаждалат. Иштер эч кандай тандоосуз, белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерине, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө коюлган талаптарга» ылайык, 121-пунктта төмөнкүлөргө жол берилбейт:
Мындан тышкары, аталган токтомдун 128-пунктуна ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат: