• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балдардын майрамында адепсиз ыр жаңырганы үчүн вице-мэр баштаган кызматкерлер жазаланды

2 Кулжа 202616:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы 1-июнда Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык иш-чара учурунда орун алган окуяга байланыштуу тийиштүү чараларды көрдү.

Маалыматта айтылганадай, иш-чараны музыкалык коштоодо кеткен кемчиликтер, тактап айтканда, майрамдын форматына жана тематикасына туура келбеген музыкалык чыгармалардын жаңырганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.

«Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Назгуль  Мекешовага сөгүш жарыяланып, ал эми  маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынды. Иш-чарада диджей катары өнөр көрсөткөн Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылып, ошондой эле ага карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт. Муну менен катар, аталган кыз даярдаган музыкалык топтом үчүн жооптуу болгон педагогду да ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасы берилди», — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, бул мыйзам бузууга жол берген түздөн-түз аткаруучулар жана башка кызмат адамдары аныкталып, тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

Количество просмотров: 244