• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

31-январь. Күндүн ыргагы… Эми дарыя ташыды… Эсеби такталбаган энергетика… Бишкекти каптаган спайс…

31 Үчтүн айы 2018 20:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.  2018. Govori.TV

Аңгыча, Ала-Арча ташып кетти…

Негизинен былтыркы жылга салыштырмалуу кыш жеңил өтүп бара жаткан. Кар аз жаап, суук катуу болбой, декабрь, январь айларында күн жымыңдап жаз болуп кеткен күндөр болгон. Ошондон уламбы, капилет катуу кармаган бир жумалык суукта кыргыз бийлигинин, анын ичинде Бишкек шаар башчылыгынын, энергетика тармагынын, ал тургай өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да даярдыгы чабал экендиги көрүнүп калды.

 

Айталы,төрт күн мурун ТЭЦте эки жолу авария болсо, кечээ Ош базарынын жакасындагы “Сейтек” соода комплексинде өрт чыгып, жарым күндө араң кызыл жалынды басканбыз. Бүгүн болсо, кечке маал Бишкекти жара бөлүп аккан Ала-Арча дарыясы ташкындап, жээктен ашкан суу Абдылас Малдыбаев көчөсүнүн жээгиндеги дарыяга жанаша жайгашкан үйлөрдүн айрымдарын каптап барып токтоду. Башкасын айтпаганда да, ушул кичинекей дарыя жыл сайын кышында ушундай шоктугун кылат. Буга ӨКМ деле көнүп бүткүдөй болду, ташыганча талып карап отура  бербей, жээги жапыс участоктордогу муздарды улам чагып, бошотуп, сууну өз нугунда кармап турса болот беле? Албетте, болмок. Бирок, биздин тиешелүү кызматкерлердин шалаакылыгынан улам, “кыш бүтүп калды…” деген өзүн өзү алдоосунан улам бул маселе дагы калдайып чыга келди. Эми суу каптаган үйлөрдө ным болот, балким жерпайынан жараңка кетет, баскылыктын баары муз болуп, тургундар тайгаланып жыгылат… Айтор, кыргызга кыйын эле болду. Алдын-алуу иштеринен аксап жатабыз.

Эсеби такталбаган энергетика

Бүгүн, Бишкек салкын болгону менен Жогорку Кеңештин жыйын залындагы температура ТЭЦтеги ысык суунун температурасынан да жогору болду көрүнөт. Эл депутаттары эртең менен эле Бишкек ТЭЦиндеги абалды талкуулаганды баштап, каш карайганда жыйынтыкташты. А дегенде кыйыктанып, орун басарын жиберген өкмөт башчы Сапар Исаков  саат 11ден тарта ар бир депутаттын суроосуна өтө сылыктык менен жооп берип, жалпы энергетиктердин жоопкерчилигин керт башына үйүп отурду.

Бирок,  парламент канчалык катаал сурак кылбасын, былтыр эле 386 млн. долларга модернизация болгон ТЭЦтин каржылык табышмагын жандыра албай коюшту. Бүгүн баягыдай эле аварияга насос күнөөлүү болуп чыкты, энерго холдингдин башчысы Айбек Калиев кызматынан кетүүгө арыз жазса, Сапар Исаковдун макул болбой койгону билинди, анан ал Кудай жалгасын деп туруп, “Электр Станциялары” ААКсынын төрагасынын орун басары менен ТЭЦтин деректирин кызматынан алганы жатканы угулду. Аны менен катар эле бүгүн энерго холдингде Бакыт Эсенбаев  аттуу тигүү инженери, Эрали Козубаев аттуу Coca Cola ишканасынын мурдагы кызматкери, Нурбек Төкөлдөшев деген мугалим  чечүүчү кызматтарды аркалап жатканы ачыкка чыкты. Башка майнаптуу, маанилүү чечимди Жогорку Кеңеш чыгара алган жок. Шалаакылык беренеси менен козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгын күтмөк болуп,  өкмөттүн “карга карганын көзүн чукуба” принциби менен түзүлгөн комиссиясынын жыйынтыгына жараша иш алып бармак болуп жыйынды жыйынтыкташты. Ал эми коомчулук күткөн, ал тургай дүйнө коомчулугу сөз кылып жаткан 386 млн. доллардын кайда кантип жумшалганы боюнча маселеге эч кимдин тиши өтпөй, ал көмүскөдө кала берди. УКМК менен Башпрокуратуранын бул боюнча коорупция беренеси менен иш козгоо ниети жок экен, Өкмөт башчы болсо кытайлык ТВЕА менен кызматташканына сыймыктана турганын айтты. Бүттү! Башка не дей алмаксың, Эштек?!

Президент Тажикстанга барат. Сураганы гумжардам…

Эртең, Президентибиз Сооронбай Жээнбеков коңшу Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. бул тууралуу анын аппараты кабар таратты. Анда белгилүү болгондой, Сооронбай Шарипович  Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана премьер-министри менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз кылат экен. Ошону менен бирге эле ортодогу чек ара маселесин бир жаңсыл кылуу боюнча сунуштарын айтып, делимитация маселесин козгомокчу. Баса, Президент эки мамлекеттин социалдык-экономикалык карым-катнаштарын кеңейтүү боюнча маселелерди карап, гуманитардык жардамдар боюнча да оюн ортого алаары маалым болду.

Анча баргандан кийин,  кыргыз коомчулугу чуулдап эле сөз кылып жаткан Тажикстандагы кытайлар курган ТЭЦ менен таанышып, ага канча акча корогонун сурап, шашпай жаза келсе, Бишкек ТЭЦиндеги модернизация боюнча маселеге чекит койот белек… Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулуш да биздин Нарын ГЭСтерин курууга чоң мисал эмеспи…

Бишкекти каптаган спайс

Учурда жаштардын арасында баңгиликке берилген учурлар абдан көп катталып, эл бул балакеттен балдарын кантип сактаарын билбей турган чагы. Ушундай маалда ИИМдин баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кыраакылык менен операция жүргүзүп, борбордо спайс баңги затын тараткан чоң топтун жүзүн ачты. Болгондо да кармалган баңги сатуучулардын колунан ири көлөмдө же 18 кг. 975 грамм спайс чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголду.

“ИИМдин баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Ленин РИИБсинин тергөө тобу биргеликте атайын операция жүргүздү. 2018-жылдын 30-январында Орто-Сай айылында баңги ташуучу тптун бир мүчөсүн кармалып, Казакстандын жараны  болгон бул адамдан жогорку көлөмдөгү спайс баңги заты алынды. Алдын-ала маалыматтар боюнча, бул баңги затынын базар баасы 19 млн. сомду түзөт”,деп айтылат ИИМ тараткан маалым катта.

Ошентип, убагында чара көрүлгөн бул кылмыштуулук көп жаштарды жаман окуялардан сактап калгандай болду. Баса, өткөн жумада да борбордогу түнкү клубдардын биринде кардарларга баңги заттарын таратуу жүрүп жатат деген оперативдүү маалыматтардан улам тинтүү жүрүп, бир канча адам кармалган болчу. бул жагынан ИИМдин иши алкоого татырлык..

Матраимовдорду пир туткан чиновник…

Коомчулукта талкуу жаратып жаткан дагы бир окуя-Оштогу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун жүрүш-турушу болууда. “Азаттык”  басылмасы иликтеп чыккандай, бул жергиликтүү чиновник иш бөлмөсүнө коомчулукта «Раим миллион» деген лакап аты бар Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтүн илип алыптыр. Ошондой эле ал өзү да топ жыйындарда элдерди, асыресе жаштарды бир тууган Матраимовдордой чыгаан болууга чакырык таштап, Райым Матраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн кийимдерди кийип, “Р.М” деп аталган көк бөрү командасын башкарат экен. Анын сырын болсо өзү да жаап-жашырбай эле аталган үй-бүлөнү идеял, кумир катары тутунуп, өзү дагы мурдагы бажычыга өкүл бала экендигин сыймыктануу менен айткандыгында болду.

Демек, ага президент Сооронбай Жээнбековдон дагы ошол өзү жакшы көргөн бир тууган Матраимовдор таасирдүү болуп, өзү мамлекеттик кызматкердин статусуна, мамлекеттик кызматтын этикасына караганда жогору жактагы адамдарды сыйлап, ыйык тутаары чындык болуп калды. Муну эми бийлик вертикалы сынды деп түшүнөбүзбү?

Инеятов да ишинен кетиптир

Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматын акыркы 23 жыл бою “кыңк” эттирбей башкарып келген, мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовдун эң жакыны, анын эң таасирдүү чиновниги катары сыпатталып, айрым учурларда “Ислам Каримовдун мураскери” катары санала калчу Рустам Иноятов кызматынан алынды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыкты.

Чындыгында эле коңшуларыбыздын азыркы жырт башчысы Рустам Иноятовду анча жактыра бербей, айрым учурларда сындап койгону менен аны башка чиновниктер сыяктуу оңой эле отургучунан ажыратып койо алган жок. Буга ал дээрлик бир жыл убакыт сарптады. Анткени, аталган башкы чекисттин Өзбекстандын бийлик эшолонунда ошончолук таасири чоң болчу, ал өстүргөн кадрлар, аны менен чогуу бир казандын ашын жеген тарапташтар да жетишээрлик эле. Шавкат Мирзеев мына ошону сезип, өз таасирин арттырып, канат-бутагын жайып алганга чейин Рустам Иноятовго тийишпей, стратегиялык аракеттерин ишке ашырды көрүнөт. Азыр болсо коопсуздук кызматынын башына мурдагы сот, акыркы учурда Өзбекстандын башкы прокурору болгон Ихтиер Абдуллаевди алып келди.

 

Количество просмотров: 21