• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

31-январга карата аба ырайы

31 Үчтүн айы 2018 9:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.01.18.Govori.TV

31-январда күн ачык болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…1;

Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…2;

Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…2;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте 31-январда кар жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -17…-19, күндүз -2…-4 градус суук болот.

Количество просмотров: 6