Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда селден бири киши каза таап, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июнда кечки саат сегиздер чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жолдун 92-чакырымында таш аралаш ылай эки унааны жана эки эркек кишини басып калган.
«Куткаруу ишине жалпы 287 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында түнкү саат 23:35те эркек кишинин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери куткаруучулар тарабынан уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолу тазалоо иштеринен кийин ачылды.