Ысык-Көл районунда селдин кесепетинен бир жаран каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media’га күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти. Расмий түрдө бул маалымат тактала элек.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ылай аралашкан суу агызып кеткен унаада беш адам болгон. Үчөө жакшы абалда табылып, бирөө каза болуп, бешинчисинин издөө иштери уланууда.
Маалыматка ылайык, тартылган атайын техникалардын жардамы менен саат 00:52де Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымындагы, сел агымынын кесепетинен жабылып калган тилке тазаланды.
Азыркы учурда жолдогу кыймыл толугу менен калыбына келтирилип, эки багытта тең ачылды. Унаа каражаттарынын коопсуз жүрүшүн камсыздоо максатында жолду кеңейтүү жана толук тазалоо иштери улантылууда.