• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

329 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

13 Бугу 2021 12:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус дагы 329 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

-Бишкек шаарында 205 адам;

— Ош шаарында 9 адам;

— Чүй облусунда 75 адам;

— Ош облусунда 3 адам;

— Талас облусунда 2 адам;

— Нарын облусунда 5 адам;

— Ысык-Көл облусунда 18 адам;

— Жалал-Абад облусунда 9 адам;

— Баткен облусунда 3 адам.

Ал эми бир сутка ичинде 309 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 750 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 489 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 645 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 718 киши айыгып чыкса, 1 миң 681 адам каза болду.

Количество просмотров: 89