Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
Бишкекте Аскер прокуратурасы УКМКнын кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармады. Бул туурасында расмий эмес булактар билдирүүдө.
Белгилүү болгондой, оперативдүү кызматкер 350 миң сом талап кылып, 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү.
Атайын операцияны Аcкер прокуратурасы УКМКнын ички коопсуздук кызматы менен биргеликте өткөргөн.
Кабарды УКМКНын маалымат кызматы тактай элек.