• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

362 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

7 Кулжа 2021 9:55 Бишкек Govori.TV

7-июнга карата коронавирус дагы 362 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жаңы учурлар:

 -Бишкек шаарында 209 адам;

— Ош шаарында 39 адам;

— Чүй облусунда 30 адам;

— Ош облусунда 30 адам;

— Жалал-Абад облусунда 19 адам;

— Ысык-Көл облусунда 16 адам;

— Баткен облусунда 9 адам;

— Нарын облусунда 7 адам;

— Талас облусунда 3 адам.

Ал эми бир суткада 275 адам илдеттен сакайды.

Айыккандар:

-Ош шаары 18;

-Чүй облусу 50;

-Ош облусу 5;

-Ысык-Көл облусу 6;

-Жалал-Абад облусу 9.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 107 миң 335 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 100 миң 722 киши айыгып чыкса, 1 миң 852 адам каза болду.

Количество просмотров: 102