• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

37 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

6 Баш оона 202011:37 Бишкек Govori.TV

Бир суткада өлкө боюнча 37 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Ош шаарында 13, Ош облусунда 2, Жалал-Абадда 13, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1 жана Баткен облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган»,-деди Акматова.

Ошол эле учурда бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 911 учур катталып, алардын ичинен 1 миң 973 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 101