• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

380 миң долларды алдап кеткен айлакерлер кылтакка түштү

4 Тогуздун айы 202410:54 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын атын сатып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен шугулданган эргулдар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди.

2024-жылдын 29-апрелинде Аламүдүн РИИБине 34 жаштагы С.М. аттуу жаран Б.С. жана А.А. аттуу жарандарга чара көрүп берүүнү суранып арыз менен кайрылган. Бул жарандар 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жер тилкесин көрсөтүп, ал жерге көп кабаттуу үй курууга макулдашкан.

Андан соң, ошол эле жылдын апрель айында Б.С. жана А.А. мамлекеттик жогорку кызматта турган адамдардын атын жамынып, бул жер тилкесине тиешелүү документтерди бүтүрүүгө жардам берем деп, арыз ээси С.Мден анын кымбат баалуу унааларына ишеним кат жаздырып алышкан. Бирок, бул жер тилкесинин документтери бүткөрүлбөстөн, алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны алып, из жашырып кетишкен.

Бул факты Аламүдүн РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, дагы бир Д.М. аттуу жаран жогорудагы Б.С. жана А.А. аттуу жарандар анын 380 000 доллар акчасын алдамчылык жолу менен алып койгондугун билдирген.

Ошентип жогоруудагы Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын алдамчылык кылмыш аракеттери менен С.М. жана Д.М. аттуу жарандарга жалпы 41 277 310 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы А.А. жана 57 жаштагы Б.С. аттуу адамдар аныкталып, КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде бул кылмыштарга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми тинтүү иш-чараларынын негизинде кармалгандардын машинесинен А.А. аттуу жарандын атына жазылган УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү табылып, алынган.

Урматтуу жарандар! Эгерде Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын кылмыш аракеттеринен жабыркагандар болсо, Чүй облустук ИИБге же 0312 430127 номери боюнча кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Количество просмотров: 387