Кыргызстанда 11-августка карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
-Бишкек шаарында 218 адам;
— Ысык-Көл облусунда 39 адам;
— Жалал-Абад облусунда 11 адам;
— Чүй облусунда 52 адам;
— Нарын облусунда 10 адам;
— Баткен облусунда 25 адам;
— Талас облусунда 5 адам;
— Ош шаарында 5 адам;
— Ош облусунда 17 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 771 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 455 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 31 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.