• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Министрлик: Кыргызстанда коронавирустун штаммынын 4 түрү аныкталды

22 Чын куран 2021 12:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустун британ (жаңы штамм), Индия (жаңы түрү), Россия жана Түштүк Африка Республикасынын (эски түрү) штаммдары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктурган кыргызстандыктардын арасында COVID-19 инфекциясынын кайсы штаммдары жайылганын аныктоо үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун лаборатоиясы жана Россиянын Новосибирск шаарындагы «Вектор» мамлекеттик вирусология жана эпидемиология илимий борбору» тарабынан тереңдетилген изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бардык маалыматтар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Улуттук вирусология лабораториясы тарабынан 26-мартта жөнөтүлгөн. Натыйжада өлкөдө коронавирустун төрт штаммы бар экени аныкталган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкты бет кап тагынууга, социалдык аралыкты сактоого, антисептик колдонууга, коронавирустун белгилери байкалса дарыгерге кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырат.

Количество просмотров: 354