• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эмгек министрлигине жаңы орун басар дайындалды

13 Чын куран 202614:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин жаңы орун басары — Аида Исатбек кызы тааныштырылды.

Жаңы жетекчини жамаатка президенттин администрациясынын өкүлү Жыпариса Рыспекова тааныштырды. Бул кызматты буга чейин Айнура Орозбаева аркалап келген.

Аида Исатбек кызы көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга бардык күчүн жумшай турганын айтты.

Эскерте кетсек, Аида Исатбек кызы буга чейин Парламенттин жетинчи чакырылышында депутат болгон.

Количество просмотров: 137