Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн 15…20
күндүз 26…31
Талас облусу
түнкүсүн 11…16
күндүз 24…29
Баткен облусу
түнкүсүн 16…21
күндүз 29…34
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 16…21
күндүз 29…34
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 11…16
күндүз 21…26
Нарын облусу
түнкүсүн 8…13
күндүз 23…28
Бийик тоолуу аймак
түнкүсүн -1…+4
күндүз 8…13
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +18…+ 20, күндүз абанын максималдуу температурасы + 28…+30°.
Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +14…+ 16, күндүз абанын максималдуу температурасы + 23…+25.