• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

4-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

3 Аяк оона 202316:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 4-сентябрда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +17…+22,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 618