• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

4-январь. Күндүн ыргагы… Электр энергиясы кымбаттайт… Ашуу ашам деп ара жолдо калгандар.. Ата-энеге сүйүнчү, өкмөткө күйүнчү

4 Үчтүн айы 2018 17:49 Бишкек Govori.TV

Кар түшөөрү  менен эле Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолдорунда бир нече чакырымга созулган авто тыгындар башталат. Жүргүнчүлөр суука тоңуп, айрыкча жаш балдар менен оорукчан адамдар үчүн бул тирүүлүктүн тозогу. Жылыга кайталанган бул көрүнүш быйыл дагы болуп жатат. Маңдай-тескей туруп алган, карга тыгылып калган унаалар, ызгаар суукта калтырап турган жүргүнчүлөрдүн видеосу интернетте жайнап кетти.

Бул маселе парламенттин жыйынында да көтөрүлдү, Өкмөт башчысы менен өзгөчө кырдаалдар министри жолукканда да көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөндүгүнүн себеби, депутаттар өзүлөрү тыгында калып калышыптыр. Бир сутка бою жолдо турган Калдарбек Баймуратов шайлоочулар менен жолугам деп чыгып, тоңуп калганын айтты.

“Жолду тазалаган техникалар жүрбөй калганбы же жай жүрөбү белгисиз?  Жүк ташуучу унаалар үч катар болуп турат. Патрулдук милиция кырдаалды жөнгө салганга үлгүрбөй жатат. Ашууларда беш чакырымга созулган тыгындар. Жаш балдар жана аялдар жылынып отурганга жайлар дагы уюшутурулган эмес деди,-депутат Калдарбек Баймуратов.

 Кесиптешинин бул сөзүн депутат Умбеталы Кыдыралиев дагы коштоду.

Бишкек-Ош трассасындагы кыймылды жөнгө салбаса болбойт. Калктын 52 пайызы түштүктө жашаарын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Казакстан 2.5 миң чакырым жол салды, Өзбекстан ички авиакаттамдарын өнүктүрүп жатат. Биз болсо бир жолду жакшы карай албай жатабыз,-дейт ал

Бишкек-Ош транспорттук каттамын жөнгө салууну Сапар Исаков жеке көзөмөлүнө алгандыгын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Өкмөт башчыга Ашууларда эмне себептен авто тыгындар болуп жатканын айтып бериптир. Анын айтымында көпчүлүк айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышка даярдаган эмес. Жүк ташуучу унаалардын чынжырлары, тросстору жок болуп жатыптыр. Ошондой эле айдоочулардын маданиятынын төмөндүгү дагы авто тыгындардын пайда болушуна себеп болуп жатканы айтылды.

Министр мырза Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөр жылынуучу жайлар уюушулгандыгын Өкмөт башчыга доклад кылды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары эч кандай жылынуучу жайлар жок экендигин айтышууда. Кимисине ишенээриңди дагы билбейсиң.

 

Электр жарыгы кымбаттайт-кымбаттабайт

Бул суроого жадагалса “Энергохолдингдин” башчысы Айбек Калиев дагы жооп бере албайт экен. Депутаттар Айбек Калиевден  электр энергиясын кымбаттатпайм деп сөз бериңиз деди эле, тиги антип айта албайм деди.

“Мен тариф жогорулабайт деп айта албайм. Азыр 2022-жылга чейинки тариф саясаты иштелип жатат. Тарифти карап чыгыш керек жана ысырапкорчулук саясатты токтотушубуз зарыл»,-деди Айбек Калиев.

Учурда 1 киловват-саат электр энергиясынын баасы 77 тыйын. Эгер айына 700 киловват -сааттан көп пайдаланылса, дароо 2.16 сом болот.

Курманбек Бакиевдин убагында “Түндүкэлектр” ААК 3 млн долларга сатылып кетти деп чуу чыккан. Анан ошонун арты менен революция да болду. Анан  энергетика тармагы элдики болду деп калганбыз. Бирок бир ууч эле адам ошол элдики деген энергетика тармагын мүлжүп жеп,  карызга белчесинен батырып келе жаткандай.

Улуттук Энергохолдинг ААКсынын башчысы Айбек Калиев мурдагы карыздарды жокко чыгарууну депутаттардан суранып келген. Эгер андай кылбасак жаңы кредит ала албайт экенбиз дейт. Ал эми карызды кайтаруунун бир эле жолу бар. Ал электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу деп ачык эле айтып салды.

Энергетика тармагын ушу ахыбалга жеткирген башкалар, бирок анын карызын эл төлөш керек экен. Башка жол жок.

 

Лайк баспа!

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Жарандык кодекске” кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты.  Эгер бул кошумчалар кабыл алынса, социалдык түйүнгө бирөө тууралуу пикирин жазган адам жоопкерчилике тартылып, 20 000 сом айып пул төлөйт. Эгер жабыркаган адам аз акча сураса, аз болушу мүмкүн.

Бул мыйзам долбоорун Дастан Бекешов бекер жазып чыккан жок. Анткени так ушул социалдык тармакка чыккан пикирлер боюнча ал активист Мавлян Аскарбеков менен соттошкон. Себеби Мавлян Аскарбеков, Дастан Бекешов “Көзү азиздер менен кулагы укпагандардын” акчасын жеп алагандыгын фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. Ошондой эле акын Темирлан Ормуковдун Президентке арнап жазган ырлары тууралуу дагы Дастан Бекшов сотко кайрылган. Эми баардыгы мыйзамдуу болгону калды окшойт.

 

Сүйүнчү-пул.

1-январдан тарта  ар бир төрөлгөн балага  4000 сом сүйүнчү төлөө боюнча мыйзам күчүнө кирет. Ал эми тоолу аймактарда жашагандарга 6000 сом сүйүнчу төлөнөт.

Сүйүнчүнү алыш үчүн наристенин төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк. Ата-энелеринин документтери жана жашаган жеринен тастыктама керек.

Ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул кайсы каражаттан төлөнөөрү белгисиз. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү кызыл чеке болгончо кырылышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында Жаңы-Жыл түнү эле 311 ымыркай төрөлгөн. Алар ала турган акчанын суммасы эле 1.2 млн сом болду.

Ошентип 4-декабрь дагы өттү. Жаңы-Жылдан кийинки алгачкы иш күнү айрымдар үчун жеңил болгон жок.

Количество просмотров: 16