• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

400 дарыгер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

18 Аяк оона 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 400 дарыгер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эс алууга пандемия күч алып турган маалында илдеттин очогунда вирус менен күрөш жүргүзгөн дарыгерлер, медайымдар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жөнөтүлдү. Медицина кызматкерлеринин бул тобу Ысык-Көлдөгү “Алтын Жай” жана “Эне-Сай”пансионаттарында бир апта эс алышат.

Эске салсак, дарыгерлердин Ысык-Көлдөгү эс алуусун Саламаттык сактоо министрлиги Профсоюздар федерациясы менен биргеликте Президент Сооронбай Жээнбековдун медицина тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийинки иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырууда.

Количество просмотров: 82