• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

41 адам вирус жуктуруп, 2 бейтап каза болду

18 Бирдин айы 2022 9:46 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирус 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 20;
  • Чүй облусунда – 14;
  • Талас облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 1.

Акыркы суткада 191 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду.

Количество просмотров: 65