• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жанар Акаев 32 жашка толду

13 Бештин айы 20189:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу  Кабылан-Көл айылында туулган.  2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач журналист болуп 2-курс кезинде ОшМУнун гезитинде иштеген, көп өтпөй окуу жайдын телеберүү бөлүмүнө өткөн.

2008-жылдан тарта «Азаттык» радиосунда кабарчы болуп иштеген.

2010-жылы Япониянын Токио шаарында өткөн Азия мамлекеттеринин журналисттери үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду багындырган.

2011-жылы «Евразиянын алтын калеми»сыйлыгына татыктуу болуп, ал эми 2014-жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун «Курч калем» сыйлыгын алган.

2015-жылы 2-февралда Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылы 27-августта Жанар Акаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетүүгө арыз жазган. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «КСДП» партиясынан  Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2017-жылдын 24-мартында «КСДП» партиясы  Жанар Акаевди фракциядан чыгарган.

Жанар Акаев чурда  үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Количество просмотров: 52