• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жанар Акаев: “Мадумаров менен Текебаевди парламенттен көргүм келет”

14 Үчтүн айы 2019 10:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Адахан Мадумаров тууралуу “Эркиндик” сайтына төмөндөгүдөй пикирин айтты.

“Кыргызстан эгемендүү болгондон баштап, бул саясатчыларды билебиз. Бири-бирине жакшы пикирлерин айтып, колдогону туура. Алдыда 2 жылдан кийин шайлоо бар. Ошонун алдында бир күчтөр түзүлүп, бирүүгүлөр болот. Бул туура көрүнүш. Мен негизи Текебаевдин да, Мадумаровдун да саясий ишмердүүлүгүн баалап, ушул кишилер менен сыймыктанып жүрөм. Булар бириксе коомго, саясатка бир гана пайда алып келет. Менин да максатым ушундай. Бул инсандарды парламентте элдин таламын талашып, өкмөткө олуттуу маселелерди көтөрүп жатканын көргүм келет”,-дейт Акаев.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/2265481593514283/

Кошумчалай кетсек, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев супер инфого маек берип, саясатчы Адахан Мадумаров тууралуу пикирин билдирди. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду.

“Адахан менен мен 1995-жылдары таанышып, чогуу иштеп келе жатабыз. Ал мени улуу катары ар дайым сыйлайт. Эл алдында бир да жолу өзү мага каяша айтып, тийишкен эмес. Мен тийишсем, албетте ал ошого ылайык жообун кайтарат. “Тулпар тушунда” деп коет. Ошондой эле ар бир саясатчынын кел-кели келе турган мезгил, тарыхый доору болот. Мадумаров 1995-жылдан бери кыргыз саясий ландшафтында калдайган орунду ээлеген фигура. Бүгүн Кыргызстанда беш саясий лидер болсо, ошонун бирөө, экөө болсо, ошонун бирөө. Адахан Кимсанбаевичтин бүгүнкү тарыхый кырдаалдагы абалына ушундай баа берем”,-дейт Текебаев.

Количество просмотров: 32