• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутат: Ширшов көмүскө башкарып жаткан ишканаларды карашыңар керек

19 Чын куран 2023 12:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында «Альянс» фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев Санарип өнүктүрүү министрлигинде Алексей Ширшовдун аты аталган айрым каржылык схемалар тууралуу маселе көтөрдү. Ал буга байланыштуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго кайрылып, жагдайга көңүл бурулушу керектигин эскертти.

«Сиздер Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ширшов деген атактуу киши көмүскө башкарып жаткан ишканаларды карашыңар керек. Бул министрликтин алдында «Евразия сактык банкы» бар. Жакында эле баасы 14,5 миллиард сомдон ашуун деп бааланып жаткан «Альфа Телеком» былтыр жыл аягында «Евразия сактык банкынын» 9,42% акциясын сатып алып жатат. Бул экөө тең Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдында. Ошо жерде отуруп алып каржылык схеманы ойлоп таап жатышат. Ошондой эле мен жакында эле айткан, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын башкарган Евгения Судецтин күйөөсү Владимир Андросик Максим Бакиевдин убагында Ширшов менен чогуу бир топ иштерди жасап жүргөн. Андросик «Евразия сактык» банкынын 2,9% акциясын сатып алып жатат. Эсеп палатасы ушул маселени карабасаңар болбойт. Бүт бардык акчаны, мыдыр байлыгыбызды жыйнап туруп Ширшов качып кеткенде баарбыз жер тепкилеп отуруп калбашыбыз керек»,-деди Акаев.

Количество просмотров: 47