• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кожобек Рыспаев дагы эле таң калып жүрөт…

24 Бештин айы 2018 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV


Жыл аяктап, ар бир инсан өзүнүн ишине баа берчү мезгил келди. Бул жаатта Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, шайлоочуларынын мүдөөсүн толугу менен аткарууга аракет жасап, далай талаптар аткарылганын айтып берди.


“Жайыл районундагы, Алексеевка айылында суу маселеси бар эле, аны чечип, планга киргизилип, иш башталганы турат. Ушундай эле маселе Сосновка айылында дагы чечилди. Мындан сыркары мектеп, спорт зал ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелелер чечилип, мыйзам чегинде кийинки иш пландарга киргизилип, жемиштүү иш алып барып келе жатабыз”,-дейт Кожобеков.


Ал эми жалпы саясат боюнча айтып жатып, “КСДП” фракциясынан чыгып калганына алигиче түшүнө албай, таң калып жүргөнүн айтты.


“Мени каратып туруп эле, КСДПдан чийип салганына дагы деле таң калып жүрөм. Эмнеге чыгарып салышты, эмнеге мындай болду деп. А бирок, менден кийинкилерди көргөндөн кийин таң калыштуу деле болбой калды. Себеби, негизсиз нерселерге барып жатышат. Кызгануубу же бизге келбей, карабай койду деген ушактын негизинде болуп жатабы, айтор таң калуулар көп”,-деди эл өкүлү Кожобек Рыспаев.

Количество просмотров: 28