Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV
Бишкектин бир кафесине тамактанганы кирген адамдар келемишти көрүп калышкан. Видео фейсбук социалдык тармагында жарыя кылынды. Видеону фейсбук колдонуучу «Алина Ким» жарыя кылды.
Тасмадан айнек текчеде келемиштин табактагы соустарга бутун малып чуркап бараткандыгын көрүүгө болот.
Тасманын авторунун маалыматы боюнча бул кафе «Аликебаб» деп аталат жана «Vefa» соода борборунун оро парасында жайланышкан.
Оорулардын алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу кызматынын башкы врачы Рыспек Сыдыгалиев ал ишкананы көзөмөлгө алаарын билдирди.
“Көрсөтмө бүгүн эртең менен келип түштү, ал жерди сөзсүз түрдө текшеребиз”,-деди Сыдыгалиев.
Эске салсак, ушундай эле окуя бир жыл мурун Ош базарында жайланышкан «Мир сладостей» деген таттуу саткан дүкөндө болгон эле. Ал жерде күбө болгондор келемиштин таттуулардын үстүндө чуркап жүргөнүн видеого тартып алышкан.
Булак: “Vesti.kg”