• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кожобек Рыспаев: «Мени фракциядан чыгарып салышканда, эч ким үн каткан эмес»

20 Бештин айы 2018 15:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикерди “КСДП” партиясынан  шайлоо тууралуу маселесин талкуулашып, вице-спикерин шайлоону же шайлабоону билишпей көпкө чайналышты.

Депутат Иса Өмүркулов бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды, бирок анын кесиптеши ИринаКарамушкина каршы болуп, төрагадан бул сунушту кабыл албоону суранды.

“Фракциянын чогулушу эрежени бузуу менен өттү. Бул жерде фракциянын вице-спикерден кутулалы деген ою билинип эле турат. Бирок жок дегенде анын өзүн чакырып койсо болмок да. Ошондуктан жыйын дагы бир жолу болуусун суранам. Биз керек болсо Асел Кодуранованы эмне үчүн алып салып атканын да билбейбиз”,-деди Карамушкина.  

Бул учурда Иса Өмүркулов ага макул болбой, фракциянын жыйыны туура болгондугун жана кворум даболгондугун баса белгиледи.

“Биз мыйзамдуу чечим кабыл алдык, тийешелүү комитет да карады. Бул маселени чечүүгө эч кандайкаршылык жок”, — деп жооп айтты Карамушкинага.

Бул акыйнек айтышууга “КСДП” фракциясынан чыгарылган Кожобек Рыспаев аралашты.

“Мени фракцияданчыгарып атканда эч ким болушкан эмес. Бирок мен баары бир келип, силердин эмне дегениңерди угуп отургам. Кодуранова деле келип отурса болмок да”,-деди Рыспаев.

Акырында депутаттар жаңы вице-спикерди шайлоону чечишти.

Количество просмотров: 55