• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

43 адам COVID-19 жуктуруп, 1 бейтап көз жумду

4 Тогуздун айы 2021 9:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-октябрга карата коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 26,

Чүй облусунда – 4,

Талас облусунда – 2,

Нарын облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 8,

Жалал-Абад облусунда – 2 адам.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап көз жумган.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 712 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 783 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 608 адам каза болду.

Количество просмотров: 128