• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

446 гектар жер талашы. Депутат VS ректор

17 Жалган куран 2021 19:24 Бишкек Govori.TV


Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүндөгү 446 гектар жер боюнча Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев үн катты. Анын айтымында, алардын университети Фрунзе айыл өкмөтүндө эки билим берүү жана чарба объектиси бар, бирок алардын бири дагы кошумча ижарага берилбейт.

«Билим берүү жана чарба объектилеринин иштеши боюнча бардык керектүү документтерди бере алабыз. Бул айыптоолордун эч кандай негизи жок», — деди Нургазиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнө 446 гектар жерди кайтарып берүүнү суранып, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Нургүл Усеинова президент Садыр Жапаровго кайрылып, гранттарды жана дыйканчылык жерлерди пайдаланууда коррупциялык фактыны аныктагандыгын белгилеген.

«2016-2017-жылдары айылдык кеңешке депутат болуп шайланып келгенде элдин талабы менен иштебей келген бала бакчаны айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрөлү дегенбиз. Бийлик органдарына кайрылып жатып аталган бала бакча жана 446 гектар дыйканчылык жерлерин пайдаланууда коррупциялык фактыны аныктадым. Көрсө, 2003-жылдан бери ал жер Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев тарабынан жеке менчик катары колдонулуп келген. Ал жерди илим-изилдөө үчүн алышкан. Алар 446 гектар жерди кошумча ижарага (субаренда) берип келген. Бирок бир дагы сом салык төлөгөн эмес. Аталган факты прокуратура органдары тарабынан аныкталган. Бирок кылмыш иши эмес, административдик чара гана көрүлгөн. Нургазиев ректор болгонго чейин малды уруктандыруу жана үрөн боюнча келген гранттарды бөлүштүрүп келген. Алсак, 2003-жылы 360 миң доллар, 2016-жылы 1 млн 370 миң доллар грант катары келген каражатты Нургазиев өзү алып алган», — деген ал.

Количество просмотров: 297