• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты президентке кайрылуу жасады

16 Жалган куран 2021 14:48 Бишкек Govori.TV

Гранттарды жана дыйканчылык жерлерди пайдаланууда коррупциялык фактылар бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Нүргүл Усеинова билдирди.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Фрунзе айыл өкмөтүнө 446 гектар жерди кайтарып берүүнү суранып, мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«2016-2017-жылдары айылдык кеңешке депутат болуп шайланып келгенде элдин талабы менен иштебей келген бала бакчаны айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрөлү дегенбиз. Бийлик органдарына кайрылып жатып аталган бала бакча жана 446 гектар дыйканчылык жерлерин пайдаланууда коррупциялык фактыны аныктадым. 2003-жылдан бери ал жер Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев тарабынан жеке менчик катары колдонулуп келген. Ал жерди илим-изилдөө үчүн алышкан. Алар 446 гектар жерди кошумча ижарага (субаренда) берип келген. Бирок бир дагы сом салык төлөгөн эмес», — деди Усеинова.

Ал эми Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн мурдагы орун басары Мирлан Усеналиев Фрунзе айыл өкмөтүнөн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду тарабынан 446 гектар жер өкмөттүн токтому менен асыл тукум жана үрөндү өнүктүрүү үчүн бөлүнгөүн айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Өкмөттүн токтому бар. 2002-2003-жылы өкмөт асыл тукум жана үрөндү өнүктүрүү, ошондой эле окуу тажрыйба чарбасына деп жер бөлгөн. Бул чарба Кыргыз улуттук агрардык университетин карамагында болчу. Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамдын 13-беренесинде Мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер участокторун кошумча ижаралоого тыюу салынары жазылат. 2017-2018-жылы бөлүнгөн жер кайра айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берилиши керектиги жөнүндө токтому чыкан. Бирок жер айыл өкмөтүнүн карамагына берилбей жатат», — деди Усеналиев.

Количество просмотров: 537