• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

450 миңден ашык бала кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө алышты

17 Тогуздун айы 2023 11:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 450 миңден ашык бала кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө алышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, жылдын башынан бери 2 842 адам кызамык менен ооруган, алардын басымдуу бөлүгүн 4 жашка чыга элек балдар түзөт.

Ушуга байланыштуу кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү уланууда. Бул өнөктүк 2023-жылдын 18-сентябрында вирус өзгөчө кеңири жайылып жаткан аймактарда – Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында башталган. Төрт жуманын ичинде 450 миңден ашуун бала вакцина алышты.

Эмдөө 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында буга чейин эмделгенине же кызамык жана кызылча менен оорусуна карабастан жүргүзүлүп жатат. Эмдөө өнөктүгү ЮНИСЕФ менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу алдында өтүүдө.

Ооругандардын көбү Бишкек шаарында (757 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (670 адам), Чүйдө (389 адам) жана Жалал-Абад шаарында (440 адам) жашайт.

Вирустун жайылышын токтотуу үчүн эмделгендердин көрсөткүчү 95 пайыздан жогору болууга тийиш.

Кызамык – бул коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктыра турган дары жок, ал эми анын оор түрү өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөн балдар жана чоңдор тобокелдик зонасында болушат. Оорудан вакцина гана коргой алат.

Количество просмотров: 69