• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кызамык оорусун жугузгандар көп катталууда

18 Жалган куран 202514:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда соңку учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында кызамык оорусун жугузгандар көп катталууда. Бул тууралуу 17-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөргөн кызамык жана ага каршы эмдөө боюнча жыйында белгилүү болду.

“Бардык аймакта кызамык эпидемиясынын кескин өсүп жатканы байкалат. Өлкөдө өтө кооптуу кырдаал болуп турат. Былтыр бир жыл ичинде алты өлүм катталса, быйыл январь жана февраль айында эле сегиз бала көз жумду. Бул жол берилгис. Ар бир райондук жетекчи кырдаалды өз көзөмөлүнө алышы керек. Биз эмдөө боюнча чараларды күчөтүшүбүз шарт. Сөз биздин балдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү жөнүндө болуп жатат”, — деди Байсалов.

Бул жаатта жер-жерлерде маалыматтык өнөктүктөрдү күчөтүү талабы коюлду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл январь-февраль айларында 3739 баладан кызамык оорусу аныкталган. Былтыр ушул мөөнөттө 5 миң 236 учур катталган.

Количество просмотров: 181