• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

49 киши балмуздакка ууланды

16 Баш оона 2021 15:43 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Ташкент облусундагы Алмалык шаарында жергиликтүү өндүрүштөгү балмуздак жегенден кийин 49 киши ууланды. Бул маалыматты шаардык акимчилик ырастады.

Расмий маалыматтарга ылайык, Алмалык шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына балмуздакка ууланган 36 киши жеткирилди. 15-августта алардын 31нин абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгып кетишкен. Бүгүнкү күндө ооруканада дарылануусун улантып жаткан 5 бейтаптып абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Мындан тышкары дагы 13 бейтап Ташкент облусунун Ахангаран шаарындагы ооруканага жаткырылган. Учурда алардын абалы орто оор деп бааланууда.

«Бүгүнкү күнгө карата тиешелүү кызмат адамдарына бул окуя боюнча корутундулар жөнөтүлдү. Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүүдө», — деп жазылган жергиликтүү акимчиликтин билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 468