Дүйнөгө белгилүү ырчы Женнифер Лопес Ташкентте биринчи жолу концерт бере турганын Маданият жана искусствону өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Концерт ушул жылдын 7-августунда «Миллий» стадионунда өтөт, ал Up All Night — LIVE IN 2025 дүйнөлүк турнесинин бир бөлүгү.
Маалыматта Өзбекстандагы концерт ырчынын өлкөдөгү алгачкы концерти болот жана эл аралык маданий кызматташтыкты илгерилетүү жана өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү алкагында Өзбекстандын Маданият жана искусствону өнүктүрүү фонду тарабынан демилгеленген бир катар маанилүү маданий иш-чараларга кошула турганы айтылат.
Белгилей кетсек, Женнифер Лопес аталган турнесинин алкагында Казакстандын Алматы жана Астана шаардарында да концерт бере турганы маалымдалган. .