Бүгүн, Centrum Air компаниясынын Ташкенттен Бишкекке биринчи каттамы ишке ашты — учак «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул каттам үзгүлтүксүз, жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү каттайт.
«Муну менен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш жеткиликтүү болуп, саякаттоого да ыңгайлуу болот», — деп жазылат маалыматта.