• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тез татымдан уулангандардын саны 24 кишиге жетти

20 Кулжа 202510:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 19-июнда “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн тамакка уулангандардын саны 24 кишиге жетти.

Маалым болгондой, алардын 12си ооруканага жаткырылып, калганы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Лабораториялык текшерүү үчүн жабыркагандардан клиникалык материалдар алынып, изилдөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жалпы 41 миң сом болгон үч айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган. Тез татымдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 176